Айгул шаршендин чыгармалары

Dating > Айгул шаршендин чыгармалары

Download links:Айгул шаршендин чыгармаларыАйгул шаршендин чыгармалары

Тошок кумары деген китебин окуп алып тан аткыча уктаган эмесмин конул айланып…. Кана эми үйүңө жөнө. Жанагы бычакка адамдын бир жери тийсе билдирбей, шырт этип алып кетчүдөй экен. Макул досум , мага да сулуу сулуу кыздардан караштырып тур макулбу? Бала да чыйрак бала деп уктук деген. Макул досум деп телефонду очурду. Бир нерсени ойлоп,туура эмес экенин билсек дагы ошону эп коруп кыла беребиз. Малды алып барып багып берсеңиз жакшы болот эле, эгер жок десеңиз сатып жол кире кылабыз. Ал да мени карап туура айтасыз. Игровой процесс строится на уничтожении существующих блоков и установке новых; руша блоки, игрок скапливает единицы соответственного материала и бонусы покерстарс за депозит сентябрь 2016 йошкар ола возможность установить их в другом месте, таковым образом сооружая разные системы.

Жумушка келгенде Күмүштү мыскыл көздөр аяоосуз, токтобостон атып жатышты. Бирөө ишенсе, экинчиси кантип эле! Бирок эч ким келип, Күмүштүн бетине айта албады. Кечке маал өзүнөн бир аз улуураак кыз Күмүш иштеп жаткан жерге сураксыз, жулунуп кирип келди. Атаңдан чоң киши менен ойнош болгондон уябасан дагы жийиркенсен боло. Арсыз неме экенсиң, билесиңби бул кишинин небереси сенден бир аз эле кичинекей. Ата-энең тарбия бергенби сага? Эмне болгон адамдар, ушундай кызды тарбиялагандан көрө ит багышса жакшы болмок экен, ит менен айрымасы жок экен баарыбир. Ит дагы көрүнгөндөн тууп жүрө берет, бул болсо чалдардын алдында калат. Эмне элге окшоп эл иштеген жерде иштей албайсың? Сен кыз кудайдан корксоң боло, апам оорукчан. Баарыбыз өз уябызга эчак кеткенбиз, апам атамдын тапкан акчасына даарыланып жатат. Эгер атамдын бул кылыгын укса көтөрө албайт, биз дагы уят болобуз. Элдин, кайын-журттун алдында бетибиз ылайга булганат. Эгер атаңдын чындап жакыны болгонуңда, бул кишинин мындай жолго барбайт экенин жакшы билмексиң. Мейли мага ишенбе бирок атаңа кандай ишенбей койосун? Сага жалган ушакты ким жеткирсе да ошол сенин душманың экен. Бизге жалаа жаап, куру дооматка калтырганы аз келгенсип, атаң экөөңдүн мамилеңерди бузду. Чындап эле апаң дагы бул нерсеге ишенип алса анда убалы ошол жеткирген адамга тийсин. Мындай ушакты уккан соң, менден чындыгын сурап анан келүүгө акылың жеткен жокпу? Өз кызым бузукулардын ушагына ишенип, мени соттогону келген болсо анда менин бир тыйынчалык дагы кадырым жок экен. Өмүр бою ак мээнет менен силерди бакканым, апаңарды өзүмдөн артык көргөнүм, жок дегенде жооп катары мага аз да болсо ишенич жараткан жокпу? Силердин ишеничинерди актай алган жокмунбу? Анан силердин жашооңор башка, апаң экөөбүздүн мамилебизге аралашпагыла. Сыйынды бил кызым, үйгө күйөөң менен келип конок болуп кетишиңди гана билсең болду. Кана эми үйүңө жөнө. Ишенген жокмун, ишенбейт да элем. Бул жерде бул кыз олтурса ишенип кеттим, мени кечирип коюңузчу. Экинчи сиздин жашооңузга аралашпайм. Бирок Күмүштөн кечирим сура, жашы сенден кичине болсо да акылы көбүрөөк, сабыр кылууну да билет. Өзүм киргизгем жумушка, эми өзүмдү чагып жатат. Күмүш сен өйдө жака чыгып иштесең туура болчудай. Эртеси Күмүш жумушту өйдө жакта баштады, баягы эле кыйык менен каралган көз караштар. Шыбырашып мыскылдаган күлкүлөр, же Айкадан башкасын тааныбайт. Айка менен сүйлөшпөйт деле, келгенине үч ай болуп калса дагы апасына дагы бара элек. Баргысы келбейт, мээнет менен топтогон акчасын эки күндө арака кетирет экенин билгенде бир сом дагы бергиси келбейт. Бирок Алиядан кабар алыш керек болчу, быйыл мектеп босогосун аттаган Алия азырынча, апасы ичип кеткенде жан сактоону билбейт. Жумуштан эки күнгө суранып, биринчи базарга барды. Шаарда арзаныраак эмеспи, ошол үчүн Алияга күзгү кийимди шаардан алды. Апасынын дагы былтыркы кышкы бут кийими жараксыз болуп калган, калың жакшысынан алып алды. Өздөрү жактагы базардан кышкыга кенен жетчүдөй азык-түлүк алып, үйүнө машина менен барды. Гуля Күмүшкө аябай жинденип жүргөн, үч ай бою дайынсыз болуп кеткен, эки жолубу телефондо иштеп жатам деген. Телефон алып алайын десе сиңдиси кийимсиз калмак. Алия Күмүштү көрүп аябай сүйүндү, Гуля үйгө кирип кетти кайра. Апасы сүйлөбөй койсо дагы Күмүш көңүл бурбай тамак жасап, үй жыйнап жүрө берди. Алияга алып келген кийимдер аябай саз болду, Гуля бут кийимин кийип көргөн жок. Тамак бышканда, дасторкондо олтуруп Күмүш апасына он миң бергенде таарынычы жазылып кетти. Ошондо дагы кызым шаарда кыйналган жоксуңбу, эмне жумуш кыласың деген жок. Күмүш таң калат кээде, Гулядан башка ар бир эне атуу баласын убайымдаса керек. Бир эле өзүнүн апасы таш боор, балага мээрими жок. Өгөй энедей мамиле кылат, акчаны көргөндө эле көзү жымыңдап, калп башынан сыламыш этпесе башка учурда урушуп, сабагандан башканы билбейт. Кечинде жатып Күмүш уктай албай аябай кыйналды. Акылды эстеп кетти, бечара өгөй болсо дагы Күмүштү өз кызындай көрүп, калыс мамиле кылчу. Алты жыл бакканы үчүн рахмат дегендин ордуна, апасына айласыздан болушам деп балдарына катуу тийип алган. Кийин кечирим сурайын десе, үчөөнү тең байкеси алып кетип калыптыр. Ошол нерсе дагы деле жүрөгүн өйүгөн бойдон жүрөт. Эми эмне болот экенин билбей, башы катты. Апасы го тез эле эр таап алат, ал эри Акылдай жакшы эмес болсо эмне болот. Өзү го чоңоюп өз оокатын өзү кылып кетет, Алияга кыйын болгон турат. Кичине кезинде Акылдын үч баласынан аябай корунчу, бир нерсе деп койсо Акыл жаман көрөбү! Бул үйдө өзүн бөтөн сезип, дайыма кысылып жашачу. Балким Акыл дагы Күмүштү ашыкча түйшүк жаратпаганы үчүн жакшы көрч беле, ким билет. Эки күн жатып Күмүш шаарга жөнөдү кайра. Жолдогу машинаны тосуп чыкса, ичинде Нурлан менен Эрмек бар экен. Экөө бир класста окуйт болчу, Күмүш Нурланды, Нурлан башка кызды, Күмүштү Эрмек сүйчү. Дайыма Күмүшкө болушуп Эрмек Нурланды сабап салчу. Бир окуу жайда, кесип башка. Бош убакта жолугуп турсак болчудай э, кандай карайсың? Дем алыш күндөрү жалгыз болуп, эмне кылууну билбей калам. Нурлан жолугуп туралы дегенде Күмүштүн жүрөгү жарылып кете жаздады. Күтүп жүргөн сөздөр, Нурландан үмүтүн үзүп койгондо жолугушууга чакырганы күтүүсүз болду. Ойлонбой туруп шашып макул болгонун сезбей калды. Шаарга жеткенче аябай сүйлөшүп барышты, Күмүш иштеген жерин көрсөтүп да берди. Анан коштошуп тарап кетишти. Нурландын сөздөрүнө бактылуу болуп жатканда, Эрмектин кызганычтан көзү чыгып кете жаздаганын байкаган жок. Айылда болгондо Нурлан Күмүш менен сүйлөшмөк эмес, элден уялмак. Шаарда ким көрөт дедиби, күндө келет. Жумуштан алып кетип, түн жарымга чейин сейилдеп жүрүшөт. Бир жолу киного барабыз деп сүйлөшүштү, Нурлан Эрмек менен келем деген. Күмүш Айканы чакырды, Айкага Нурлан бир көргөндө жаккан, ошол үчүнбү дароо макул болду. Жумуштан чыгып жолугушууга барышты, төртөө кино башталгыча балмуздак жеп, сейилдеп келишти. Кинотеатрдын артындагы эс алуу багында олтуруп калышты, Нурлан Күмүштү белинен тартып, илебинен өпкүлөп алды. Күмүш уялып, Нурланды ары түртүп ыңгайсыз абалда калды. Эрмек турбайбы сага шерик болуп. Жанында жүргөнүм канааттандырбаса эмне кыл дейсиң? Сени ким жактырып жатыптыр? Өзү жөнүндө ою жогору экен тим эле, сен өмүрүңдө кыз кучактап көрдүң беле өзү. Бирок, эч нерсе билбейт экениңди билип койду э? Нурлан жинденип Эрмектин артынан баратканда Күмүш токтотуп калды. Урушуп кеткидей деле сөз болгон жок менимче, маанайың жок болсо жиниңди бизден чыгарасыңбы? Эрмек мага эмне жарашпайт экен дейм? Эрмек жооп бербей, артка кылчайбай кетип калды. Күмүш мурун угуп калчу Эрмек жакшы көрөөрүн бирок, ишенчү эмес. Анткени баарыбир болчу, ал кезде азыр деле жүрөгү жалгыз Нурланды деп согот. Эми мени айыптагысы бар. Менин да маанайым түшүп кетти, балким киного эмкиде кирээрбиз? Досторум чакырганынан досторум менен кафеде олтуруп ичиштик. Мен мас болуп озумду жоготкуча ичиптирмин. Кыздарга болушунча акчамдын бут баарысын тигиптирмин. Ошентип эптеп бир айласын таап уйго келдим. Биз бешинчи кабатта жашачуубуз. Тепкичтерден чыга албай жыгылам. Учунчу кабатка аран жеттим. Арак деген жинди суу адамды эмнелерге гана алып барбайт экен дейсиз. Бакырганды укпаган деп суйлоном. Менин кебетемди коруп, Апеей ай мынча ичкенсин! Арак менен урушуп кеттинби? Апам кел балам бутунду чечейин деп бут кийимимдин боосун чечип жатты. Мен эсе шылдыкдап жерге жыгылам. Апам кел балам экинчи бутунду чечейин дегенде Ээ апаа эки сааттан бери бир боону чече албапсын. Сен эмне деген апасын озу. Жылчы ары деп дубалга жармаштыра бир тептим. Апам эптеп оордунан туруп мени дубалга соёду. Корсо эки саат эмес эки мунот аран болгон экен. Аны мен билбей апамды жемелей бериптирмин. Жатак болмомо кирип кетип жатып , Апа мага бир кесе суу берчи дедим. Апам азыр уулум деп ашканага чуркап кетти. Ичип бутуп кесени колуна берсем капысынан жерге тушуп кесе эки ортосунан болунуп сынып калды. БИР КЕСЕНИ ДА ЭПТЕЙ АЛБАЙСЫН. Сендей колунан бир жумуш келбеген эненин оорду карыялар уйундо деп. Апамды столго каратып бир турттум. Ошол маалда апам столдун кырына башы менен тийип , башы канап кетти. Апамды коруп унчуккан жокмун. Апам оордунан туруп, Балам сенин тошогунду салып берейин деп болмомо кирип кетти. Башындагы кан кадимкидей полдорго тып тып тып деп тамып журот. Эч нерсе болбойт балам баары жакшы деп жуунчу болмого жоноду. Апа мага баш оору даарыны берип койчу? Башым ооруп жатат десем. Ии айтканча балам даары дармектер тугонуп калыптыр. Кичине тыйын берсен аптекадан даары алып чыгайын деп калды. Апам акча дегенде эле менин каным кайначуу болду. Озум мынтип иштебей жатсам. Же мени кичине жакшыраак окуу жайга окутуп койсон , досторума окшоп кычырап кийинип журмокмун. Эки жыл мурунку бут кийим менен журбостон дедим. Сен мени окуу жайга окутканында мынчалык болбос эле деп. Куноонун баарын апама жуктоп ,озум аппак болуп чыгып кеттим. Апам макул балам анда жакшы эс ал. Даарыларды эптеп бир деме кылаармын деп , жерди карап озун куноолуу адамдай сезип сыртка чыгып кетти. Жуунчу болмодо Мен уулума татыктуу тарбия бере албаптырмын. Чон окуу жайга окутуп койсом мынчалык болбос беле деп озун озу жемелеп ыйлайт. Мен эсе эч нерсе билбей уктап жатам. Бирок ыйлаганы кадимкидей кулагыма жанырып турду. Саат сегиз болуп калыптыр. Дааро ордумдан ыргып туруп кийине баштадым. Апааа мен жумушка кеч калыптырмынго? Апа мага чай даярда, жумушка кеч калып жатам. Апа бут кийимимди тазалап тур. Апаа менин кол баштыгыма документтерди сал. Азыр мен салып атып адашып кетем деп, бакырып жумушка шашып жаттым. Бирок апамдын Макул балам деген унун укпадым. Сыртка чыксам эч нерсем даяр эмес. Апам эсе уйдо жок. Бирок апамдын таба албадым. Дагы тентип кетсен керек да адатынча. Сенсиз деле жумушка кете берем деп жолго аттандым. Ээми эшиктен чыгып бара жатсам, дос балам чалып калды. Аяш уулду болуптурбуз деп калды. Жумуш жок болсо, уйдо эле жата бермек белем деп озумчо ичимден ойлоном. Макул досум , мага да сулуу сулуу кыздардан караштырып тур макулбу? Мен бир нече убакыттан кийин жанында болом. Макул досум деп телефонду очурду. Мага да пиводон алып, жанында бир кызы бар экен. Охоооо доске болбойсунго аа? Чики Чики кызды тааптырсынго? Апам уулум мага кичине тыйын бер. Даары дармектерим калбады десе , апама окуруп бакырып он сом бере албадым. Азыр бул кызга уч мин сом бердим. Мен озумду адаммын деп ойлоп журсом, адам кейпин кийген ит экенмин. Дос балдарым менен суйлошуп отуруп,досторумдан коп нерсе уйрондум. Аларга уйдогу болгон окуяны бир башынан айтып бердим. Дрс балдарымда менин созумо кошулуп; Ээ досум апанды эмне кыласын? Ошол жерге алып барып таштап кой. Биз деле журбойбузбу ойноп жайнап деп балдар кулуп калышты. Алардын айткан создору мага да жакты. Дааро ордумдан туруп Балдар мен уйго барайын. Апамда келип калгандыр деп, коштошуп чыгып келе бердим. Оюма ар демелер келет. Бир алып барып таштап салсамбы? Акыры бир чечимге келип уйго бардым. Ээми эле эшиктен аттап кирсем, апамдын бут кийими турган экен. Мени менен таптакыр иши да жок бул катындын деп Апаа... Кирсем апам ашканада сабиз аарчып отуруптур. Кирээрим замат апам менен саламдашпай , апама кыйкыра баштадым. Сен эмне деген адамсын. Мени менен да ишин жок. Апам балам балам деп кайра кайра коздорумо жалдырап карайт. Унчукпастан сабиздерди арчып жатты. Ээми муздаткычтан суу алып ичейин десем, апамдын башында бинт оролуп туруптур. Апа башына эмне болду? Аа кече куну столдун кырына бутуп тайып кетип , башым тийип кетти деп мага жалган суйлоду. Ичкен адам эч нерсени билбей калат экен. Мени ошол куну жин башкарып жаткандай болду. Мен апамды тепсем жин суйунот. Дагы теп, ур, олтур деп буйрук берет. Мен жиндин айткан создорун бирме бир аткарып жаттым. Периште апамдын артына жашынып алып , жинден коркот. Ушшунчалык иттен да бешбетер экенимди билбеген экенмин Эхх!. Бир убакта апам тамакты бышырып алдыма койду. Эми жесен кайра кайра жегин келет. Мен дастаркондо да тынч отурбай Апа бул эмне деген тамак. Эмне мени олтургун барбы? Апам азыр балам башка тамак бышырып берем. Бул тамакты кечке маал озум жээрмин деп текчеге коюп, устун жаап койду. Тамагындын кереги жок , андан коро кийимдеринди жыйнаштыр сени бир жерге алып барам дедим. Апам кубанганынан тез эле кийимдерин жыйыштыр даяр болду. Апам даяр болгуча , дос баламдын унаасын сурап келдим. Ооба балам даяр болдум. Анда журу сыртка чык! Ошентип апамды унаага салып, тездикти ашырып , тез эле жетип бардык. Апам карыялар жургонун коруп Балам -бул жака эмне учун келдик. Тушсон анан билесин деп , баштыкты жерге ыргыттым. Апам мага карап -балам кийимдеримди мен олгондо ыргытасын баштыгын колуна алды. Ары жакта бир кичинекей бала адамдардын унаасын жууп акча таап журуптур. Бир убакта эле менин жаныма келип Ага унаанды жууп берейин , чан болуп калыптыр. Болгону жыйырма сом берсениз болот деп сурап калды. Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт. Гуля байкесинин үйүнө көчүп барган болчу, жеңеси биринчи унчуккан жок. Алып келген этти каалагандай бышырып жешти, кичине жакшыраак көрүнгөндүн баарын алып калды да үч күндөн кийин квартира таап, чыгып кет деди. Гуля унчукпай эшикке чыгып, ойлонуп олтуруп калды. Чындыгында Гуля жакшы аял болгондо эч ким тийишмек эмес, кайра ушул үч балага караан бол дешмек. Гуля жакшы болгондо Кыял дагы кайра барып иштеп, баардыгын бага бермек. Үйдүн артына жашынып алып, боздоп ыйлап алды. Акыл өлгөндө дагы мындай чын жүрөктөн ыйлаган эмес. Өзүнүн кандай адам экенин, эмне кылып койгонун түшүнгөндөй. Бирок ичиндеги уйгу-туйгу ыйлаба, сен күнөөлү эмессиң. Адам өзүнө жаккан жашоодо жашаш керек, өзүнө жаккан нерсени кылыш керек деп жатты. Башын мыжыгып көөпкө олтурду, Күмүш апасына таарынып сүйлөшпөй койгон. Гуляга эч ким баатир дагы бербейт, айла жок өзүнүн бир бөлмөлүү баатирин бошотуп көчүп кетти. Айгүл мындан ары эмне кылууну билбей калды. Үч эркек баланы үйүнө алып бара албайт, өздөрү араң жашайт. Кайненеси да булар менен чогу турат, инисине кошуп берейин десе бой жеткен балдар ал жерге да батпайт. Кыялды үйлөнтүп таштайын десе Гуля деген бир күн келип бир нерсе кылып кетеби! Акылдын ошончо жыл чогулткан дүнүйөсүн саткысы келбейт. Айла калбай калды го. Ортого салып кеңеше албай турганда Кыял өзү сөз баштап калды. Үйдү жаап, биз Россияга кетели. Нурматты кимдин колунан келсе карап берсин. Биз акча салып турабыз, салынып жаткан үйдү бүтүрүп, бул үйдүн ичин толтуруп анан үйлөнөйүн. Үйлөнсөм Нурматты алып келип алам, балким жумуш жакшы болуп кетсе баарыбыз кайра кетип калабыз. Таянаар тообуз жок, эми өзүбүз аракет кылбасак болбойт. Нуристин документин бүтүрүп, анан кетебиз. Малды алып барып багып берсеңиз жакшы болот эле, эгер жок десеңиз сатып жол кире кылабыз. Машинаны болсо сатпайм, атам машина алганда аябай катуу сүйүндү эле. Көзүнө жаш алган машинаны алып бергенимде, машина дагы сезгенби жүрбөй калыптыр. Бир жери бузулган окшойт, эртең алып барып оңдотом. Байке сиз айдай бериңиз, тура берсе да чирийт темир деген. Он күндөн кийин үйдүн эшигин темир эшике алмаштырып, малдын баарын сатып айылга кетишти. Нурис паспорт ала элек экен, паспортко тапшырайын десе кара кагаз сурашты. Гуля бардык документтерди алып кетип калган, ошого кара кагаз дагы алалбай коюшту. Ал тургай өздөрүнүн апасынын да кара кагазын алып кетиптир. Бир жерге арыз жазып коюшту, алар деле жообун кийин беребиз дешти окшойт айтор күтпөй кетип калышты. Талашка түшкөн үйдө эч ким калган жок, темир эшик жабылды да калды. Бул окуяны айылдын баары угуптур, кээ бирөө Гуляны тааныбаса да сөз кылып жүрүштү. Мектепке Күмүштү баары сөөмөйү менен гезеп көрсөтүп, бетине күлүшүп аябай басынтышты. Сүйүп жүргөн Нурланы Күмүш тарапты карабай койду. Уялганынан мектепке барбай жүрдү, мугалимдер улам келип чакырып кетет, баарыбир көгөрүп барбай койду. Гуляга баарыбир, тогузунчу классты бүткөндө эле окуткусу келбей жүргөн ансыз деле. Акыл болбой койгон, кыз бала билимдүү болуш керек. Анткени кыз болочоктогу эне, эне деген балага татыктуу тарбия, татыктуу билим бериш керек. Эгер бала билимдүү болбосо, келечеги жок болот деп, айтканынан кайтпай Күмүштү онунчу класска өзү жиберген. Гуля Күмүштү шаарга жиберип иштеткиси келген. Күмүштүн мектепти таштап салганы Гуляга сары майдай жакты, тез эле шаарга жиберип салды. Күмүштүн шаарда тууганы жок, же таанышы жок кайда бараарын билбей туруп калды. Автовокзалдан түшкөн Күмүш ылдый көздөй басып кете берди, түрмөнүн дарбазасы сыяктуу калың, узун болгон боз дарбазада тигүүчүлөр керек деп жазып коюптур. Кеч кирип баратат, айла жок дарбаза какты. Бетиндеги тырыш миң кабат болуп кеткен арык киши чыкты, Күмүштүн мурдуна тамекинин жыты бур эте түштү. Курсагы ачып турган Күмүштүн башы айлана түштү. Байкушум кийимдерин менен кошо келиптирсин бараар жериң жокпу? Батир табыш керек, анан бул жерди көрүп калдым. Күмүш ток менен иштеген тигүүчү машиналарды көргөн эмес мурун, үйүндө топчу тиккенин анан кол машинада эки- үч жолу тиккенин айтып жатат. Иштеген кыздарга кошуп койчу соопко калгыр. Эки күн ошол жерде эптеп түнөп алсаң, анан батир таап аласың деген. Онунчу классты бүттүм бирок, папабыз каза болуп калып иштеш керек болуп жатат. Эмне мени соттоп жатасыз, тээ жактан бери иликтеп. Керек эмес болсо айтыңыз эрте күндү кеч кылбай, түндө жолдо калбайын. Ай Айка бери келчи, бул кыздын аты Күмүш экен. Жумуш издеп келиптир, эмне жумуш кыла алат экенин байкачы. Бир жерге жумушка албасак болбойт, бараар жери жок экен. Жумуш өзүбүзгө аз болуп жатса. Айтканды кыл, анан квартиранарга кыз керек деп жүрөт элең, мына Күмүштү алып барып ал. Айка жактырбаган түрү менен айла жок Күмүштү машиналардын жанына алып барды. Тик деп олтургузуп өзү кетип калды. Күмүш кантип иштетүүнү билбей көпкө турду, сурайын десе жана тиккенди билем деп койгон. Бир аз олтуруп анан ыйлап жиберди. Үйдөн тигет элем, мындай машинаны эми көрүп жатам. Үч күндө үйрөнүп аласың макулбу, азыр болсо башка кыздардын кантип тиккенин карап чык. Күмүш сүйүнүп кетти, болгону элүүдөй эле тигүүчү кыз иштейт бул жерде. Эки бригадага бөлүнүп алышкан, Айка экинчи бригаданын башчысы, Күмүштү эптеп наркыларга түрткүсү келип, шылтоо таппай койду. Ал күнү Айканы эрчип бир кичинекей батирге барды, дагы үч кыз жашайт экен. Үч миң төлөшөт, төртөө жашайт. Күмүш ичинен ойлоп алды, кырынан араң жатышат анан дагы бир кыз алабыз деп койот. Эмне биринин үстүнө бири жатабы эмне? Бул оюн Айка билип алгандай:-ушундай жашоо шаарда, бир сом болсо да үнөмдөп үйгө жибергени аракет кылып жүрөбүз. Анан аябай чарчап келгенде башың жаздыкка тийгенине сүйүнүп, байкабай дагы каласың! Айка өзүнүн төшөгүн алып, кыздардын баш жагындагы жарым метрдей эле жерге салып жатып алды. Күмүштү болсо өзүнүн ордуна жаткырды. Күмүштүн төшөгү да жок болчу, ал күнү эптеп калың жемпирин астына салып жатты. Айка дагы көңүл бурбай койду, түндө уйкудан туруп алды. Ичи ушундай курулдайт, жанындагы кыздардан аябай уялды. Кече үйдөн чыгып баратканда бир кесим нан менен чай жутуп алган. Ошол боюнча кечинде дагы чай ичпей жатты. Күмүш ачка жүргөнгө көнүп деле калган, азыр деле ичи ачышып айласын кетирген жок, болгону ичи катуу курулдап ыңгайсыз абалга калтырды. Туруп бир нерсе шам-шун этип алайын десе өзү эч нерсе алып келген эмес. Эптеп таң дагы атты, эртең менен бутун бирөө катуу тебелеп алганынан чочуп кетти. Жанында жаткан кыздардын бирөөсү экен, кечирим дагы сураган жок, көнүмүш нерседей ырдап жаткан ырын бузбай жүрө берди. Айка дагы жаңы туруптур, бети колун жууп келсе, эми чай ичээрбиз деп турган. Кайдан бул үйдө эч ким чай ичпейт окшойт, баардыгы эле жыйнанып кетип жатышты. Айка чыкканда, Күмүш артынан чыкты. Кечеги жерге келип, өз ордуна олтуруп алды. Күмүш эмне кылууну билбей карап жүрө берди, анан Назира келип, Күмүштү ылдый көздөй алып жөнөдү. Күмүш эмне кылсаң өзүң билесиң дегенсип эрчип барды. Чооң сызгыч сыяктуу бычактар тарактап иштеп жатыптыр, эмне кылат дегендей карап турду. Тигилип жаткан көйнөктөрдү ошол жерден бычып чыгарат экен. Жанагы бычакка адамдын бир жери тийсе билдирбей, шырт этип алып кетчүдөй экен. Көздөрүнө жаш ала түшкөн Күмүш бул жерде иштебейм деп жиберди. Көрдүң го өйдө жактагы кыздар сага үйрөтүүдөн качып жатышат. Тиги машинага олтур, бир жолу көрсөтөт сен аракет кылып үйрөнүп ал. Могу жараксыз нерселерди эле тиге бер. Түз тигип калсаң анан дагы башка жерлерин көрсөтөт, үйрөнбөй бул жерден чыгам деп ойлобо. Башын акырын ийкеп олтуруп калды. Жанагы бычак дарылдап иштегенде эч кимдин үнү угулбай калат экен, киши көрсөтүп коюп өзүнүн жумушун кылып жүрө берди. Эң башкысы Күмүш машинаны өчүрүп, жандырганды үйрөнүп алганына сүйүнүп турду. Түшкө чейин түз тигип үйрөнүп алды. Кел биринчи чай ичип алалычы. Күмүш шилекейин улутуна жутуп , аябай сүйүнүп кетти. Бүгүн жакшы болбодубу жалгыз ичпей. Кайра сомсойо түшкөн Күмүш, мен ичпейм деди. Көзүнөн ыссык тамак өтүп, ичи ачышып кетти. Тиги киши таң калган деле жок, анткени Күмүштүн ачка экенин кайдан билсин. Унчукпай келип куюлган ыссык чайды тамшанып ичип койду. Ыссык чай барганда ичи дагы курулдап жиберди уят кылып. Ачка турбайсыңбы, кел ал тамактан. Кече бул жака албаганда көчөдө калмакмын. Эшике чыкса жеңил унаада ар түрдүү тамактарды сатып жатыптыр. Бул короодо алты тигүүчү цех бар, көбү тамак сатып алып ичишет. Алыс барганы мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн бир акылдуу ушул жерге бышырып келип сатат. Күмүштү мурун көрбөгөн үчүн тамакты карызга бермек эмес, ошол үчүн байке өз атына жаздырып алып келди. Жакшысы тамакты айлыкка чейин карызга берет болчу. Жөн койсоңуз болмок, бул жерде иштей албай калсам эмне болот? Экөө каткырып алышты, бардык тамакты ортого коюп чогу тамактанышты. Байке дагы аябай жакшы адам экен, бошоп калса эле чуркап келип Күмүштү карап эки күндө үйрөтүп койду. Назирага эртеси көрсөтсө өйдөгө чыгып, крой алып тиге берүүсүнө уруксат берди. Өзүмө ишенбей турам, байкеден дагы сурап жакшы конгучо. Күмүш ошол жерде иштеп калды, байке дагы бошогондо кошумча акча деп тигет экен. Суранып өйдөдөн дагы бир машина алып алышты. Маанайы дагы жакшы болгондуктанбы көп дагы тигип баштады. Айлык алганы келгенде Айкадан бир аз эле аз айлык алыптыр. Бирөөнүн акчасы менен иши болбой эле койсо болот бирок, Айка ичи тарып эмнеге мени менен бирдей алып жатат жаңы үйрөнсө дагы. Мен үч жылда ушул айлыкка араң жеттим! Айласын таппай Күмүш менен байкени ойнош экен! Эшим кызынын аракетчил,зирек,бир айтканда создун тупкуруно тушунгон,даанакер кыз болуп бой жеткенине ичинен суйуно: --Оо Кудайым балдарыма,кыздарыма кыйынчылык жашоо бере корбо. Эмне сыноо болсо да, женилинен бере гор-деп жалынып, жалбарып, уйунун артында агып чыккан тунук булактын башында ойлуу отурду. Козуно айлана тушкон коз жашын да байкабай калган сыяктуудай. Койногунун жени менен аарчымыш этип коюп,дагы да ойлонуп отурат. Анткенинин да себеби бар эле. Кече туну келинчеги: --Кызын Азибайдын баласына тийбесем олом,акем менен суйлошунуз деп мени коркутуп жатат деген. Башкасына конул болбой да коймок бирок... Мен да суйгом, эмнегедир андай ойлор келбептир деп аргасыз жылмайган эле. Боор этине белсинип,батынып жанына барып,ачылып суйлошо албай,конулу чогуп,озун коерго жер таппай турган чагы. Кызынын ар бир кыймылын коруп ичинен ыраазы. Бечера кызым баарына жетишет. Жаш башына мынча жетик. Же бир баладай болуп эшикке чыгып балдар менен ойногонун коргон жокмун. Качан карасан башын жерге салып алып эле казан башында же тандырдын жан жакасында жургонун корот. Баладай бир чыргоолонуп аны эмес муну деп чыр салбайт. Же бир мектептен кармалып, кыздарга окшоп ойноп да корбоду. Бобокторун катар-катар, биринин артынан бирин, бир камырабай остуруп келе жатат. Эч качан акыл калчабай иш кылбаган кызына азыр эмне болду? Ай туштуктун ушул салты ата - кыз менен уул -энеси менен ачык суйлошо албаганы. Азыр мумкун Чуйдо болсок анда ачык келип АКЕ мен куйоого тием демек болуш керек деп ойлоно да кетти. Ичинен ойго эмнелер гана келбейт,ойдун кулуктугун айт элдер ойлобогон, ойлонбогон нерселерди оюбузга алабыз. Мумкун чындап эле Азибайдын уулун жактырып калып ,ичинен сызып журобу? Андай болсо эмнеге мага ачык айтпайт? А бирок ачык айтса анда да ,жемелеп адеп- ахлак,ыйман-ынсап калбаптыр деп тилдеп кирмекпиз апасы экообуз. Кайдагы бир баланын айынан кызым мага козумо тике карап суйдум ,куйдум дештин озу адепсиздик болуп калар. Бир нерсени ойлоп,туура эмес экенин билсек дагы ошону эп коруп кыла беребиз. Балам ай билесинби мен сен учун жанымды да берууго даярмын. Сени менен ачык суйлошо албаганыма кейийм. Бул да болсо бизден болок осконундон болсо керек. Энем байкуш оо дуйного кеткен сон. Алты жылдан ашса да , кабак, кашын ачылбайт. Биздин да кунообуз бар бул жерде. Сага ото жакынмын,бирок сырдашкандан алысмын эмнеге? Мен дайыма сенин мектептеги жалан беш деген бааларына канат байлап канааттанып , ичимден эл керегине жараган инсандардан болор дечуумун. Илим билим алып ,окуп эл -жер кыдырып, анан турмушту ойлонсон болмок экен жан кызым. Эмнени ойлонгонунду билгим келет,бирок эмнеге мынча шашасын? Эч тушуно албай турам? Жаш жанына оор турмуштун эмне кереги бар эле? Жаркырап чыккан жылдыздай сулуусун кызым,бактын,таалайын да сулуу болуушун аллахым насип этсе экен. Кантсем да айлам жок, бурчка такалган чычкандай эмне кылаарыма башым жетпей жатат-деп ойлонуп бир топ убакыт отуп кеткенин да сезбеди. Дагы канча олтурмак ким билет. Капыстан чыккан кызынын чакырган добушуна селт эте тушту. Нанды да жабып буттум. Тамак ооз тийип беринизчи. Балдарга да тамак берип уктатышым керек. Кечке дейре кун ачык кезде кир жууп да жетишип калсамбы дегем. Аябай жакшы турушуп жакшы жашашкан менен тартип бул уйдо жипке тизген данектердей эле. Салт санаа,улууну урматоо кичууну ызатоо ушул уйдо гана бар сыяктуудай сезилер эле. Атасы бугун гана уйдо эс алып жатат. Болбосо кундо чабандардын малдарын текшерип дайыма жайкысын жайлоодо,кышкысын кыштоодо журо берет. Тамактын астын атасына куюп берип, ооз тийген сон; --Тамак ичебиз балдар. Колубуздуу жууйбуз деп бобокторун катарга тизип алып чыгып кетти. Озу да ой арасына чулгана тушту. Атам, озумдун атам мага кантип ушундай жашоону ыраа коруп жатат? Мамилесинен мени жаман коргондой эмес. Мындай болушу мумкун эмес. Жок суйлошушум керек бирок кантип? Кече туну менен солкулдап ыйлап,соолуп бараткан гулдой болуп алсыз олтурганын эстеди. Апасынын айтканы коз алдына элестеди. Тийбесен топурагынды туйуп берет экен. Эмнеге атандын бир созун,эки кыласын? Бала да чыйрак бала деп уктук деген. Козуно жаш имерилип, журогу сыгылып,озуно озу жек корунуп турду. Менин кандай соонун кыялдарым бар эле? Кандай жашоо кутуп турат? Врач болом деген аппак аруу тилек ит капкандай болобу? Врач болууну самаганым, ушунча жыл жалан бешке окуганым, сапырылып кулу кокко учат белем. Акем ойлонбогондой аябай токтоо корунду. Ангычакты кой башкарган ити ажылдап эле уруп калды. Дагы эмне болуп кетти? Шаша- буша чабан алдастап калды. Бул кайдан келген бейтааныш жигит? Аай бала тур тан атты уйуно жоно. Ой деле суйлосон боло? Баарын угуп коруп эле турду го. Мени коргон жерден бурулуп кеткендеринди, кандай тушунсо болот? Копчулук элдердин арасына кирип кеткенинди унута элекмин. Билесин эл козундо жолуга албасымды. Мумкун азыр да бурулуп кетмексин. Ошого жакын келгенинче чыкпай турдум. Менин оюма койсо сизди кое бергим келбейт. Сизди кантип мен башкага алмаштырам. Жан дуйном жанчылып журот. Бирок сизге айта албайм. Окуу жылы бутооруно да аз калды. Куйоого тийдим дегиче мал менен мал болуп бутом да. Эч качан окубай каламбы? Ушундай кантип жашоо болсун? Мин туркун суроолор менен алышып жатып, кир жууйун деген оюн эстей калды. Эшикке казан, казан суу жылытып кир жуумай болду. Азыр озумду же коруп, бир азаптанып кайгы муунга батып турган учурум; Анда мени тынданыздар. Мен аябай бактылуу куунак инсан элем. Ар дайым мени кулку ороп турчу. Бир куну бул кулку мага азап кайгыны тартуу этти. Мен бир жигит менен капысынан аялдамада таанышып калдым. Ал кун эч эсимден кетпейт. Ушшунчалык бактылуу элем дейсиз. Кайгырып конулум чогуп турганда,ошол кунду эстесем жузумо жылмаюуу алам. Кайра ошол кунго кайтып кетким келет Бирок... Анда мени угунуздар; Шаарга окууга тапшырдым. Ар куну айылдан барып келип окуйм. Шаардан айылга он беш минуталык жол болчу. Ошентсе да окууга кеч калып барчуумун. Апам ээрте менен алтыда; Кызым тур окууга кеч каласын деп тургузуп коёр эле. Мен болсо ыыыы аазыр апа мына турдум деп тошоктон тургум келбей, нары карап жатып уктап калчуумун. Уйкуну аябай суйоор элем. Ээрте жатсам да саркы саат сегиздерде турчуумун. Бир куну адатымча уктап калыпмын. Ордумдан ыргып туруп эле саатты карасам сегиз жарым болуп калыптыр. Тундосу кийимдеримди даярдап жаткан эмес болчум. Эрте менен улгуромда эмне деп. Эптеп кийим салган полкамды чачып отуруп бир койногумду таптым. Эмнеси болсода ушуну кийип бара берейинчи деп шашып кийип атып колтугун жыртып алыпмын. Башка кийимдеримди утуктоп анан кийиш керек эле. Болду ушул боюнча эле кетем деп бутума ботинкамды кийип окууга жонодум. Чыгып атып кузгуну карап койбоймунбу? Кузгуну унутуп калып эле Шаарга кетип атам. Унаага тушуп ага тезирээк Шаарга жеткизип коюнузчу? Ал агада азыр карындашым менин унаам лексус эмесго? Тиконун журушунчо айдамда деп ташбака минип алгандай кылып жаай айдап барды. Кай жактан да сага чыктым экен деп ичимден суйлоном. Бир убакта кузгуго карадым озумду. Эми мени корсонуз боорунуз эзилип эле калат. Тундосу уктап калганда синдилерим мени аябай эле боёндурган экен. Эми оозума соз жок. Туш койгон экен козумдун тубуно тушуп эр урган катындан айырмам калбай калыптыр. Ал агада карындашым аябай соонун боёнот экенсин. Салондордо иштесен болот экен деп тамашалап каткыра кулду. Аны угуп жерге кирип эле кеткидей болуп эки бетим кызарып кетти. Ага суунуз бар экен берчи? Тушуп эле бетимди жуудум. Же бетимдеги боёктор кетсе олоюн. Жууган сайын кайра бетиме шыбалат. Эмне кылаарымды билбей бетимди койногумдун ички жагына аарчып,эптеп боёкту очурдум. Эми койногумду боёкко толгонун айтпа. Уктаганымдын кесепети деп озумо озум жиним келет. Ал агада мени туура тушунуп, Шаарга бекер эле жеткизип койду. Окууга шаша буша купулдоп чуркап жетип бардым. Агайым мени коруп Алибекова эмне кеч калып журосун. Окууга кеч калып парага кирбей калгандар, ушул китепканага келип китеп окуп отурчуу. Мен эн кобунчо газета окууну жактырчуумун. Дагы паранын бутушуно бир сааттай бар. Андан коро кичине Шаар айланып келейин деп аялдамага бардым. Ал жерде бир жигит олтуруптур. Келишкен сулуу, жылдыздуу, каштары каппкара,коздору бакыракай, аны коруп журоктон кетчуудойсун тим эле. Бут кийимин беш мунот сайын аарчып тазалап турат. Жылтырап турат каппкара болуп. Бир да кыпындай чаны жок. Жигит деп ушуну айт. А меникине болсо соз жетпейт. Эми ал жагын тушундунор да ээ.? Бир бутун аарчыйм деп бир машурткадан калганы эч эсимден кетпейт. Машурткалар он беш мунотто бир келчуу. Он беш мунот кутуп бир ботинкасын тазалайм деп бир машурттан калып калды. Аны коруп озумчо бир боорум эзилип кулом. Эмне болду чон кыз? Жоок эч нерсе болгон деле жок! Анда эмнеге эле мени карап кулуп жатасыз? Сиз азыр бир бут кийим аарчыйм деп бир машурттан калдыныз. Анда кунуно канча машурттан калдыныз экен аа деп каткырып кулдум. Ал да мени карап туура айтасыз. Мен ушул бут кийимдин айынан канча машурттан калганымды деле эсептеп корбоптурмун деп ал да жузуно жылмаюуу алды. Ооба мед факта окуйм Аа мен болсо Эканомикада Мынча жакшы дедим. Макул чон кыз жакшы калыныз менин да машурткам келип калды, деп мени менен коштошуп машуртка чыгып кетти. Бир убакта жерди карасам Абай телефону чонтогунон тушуп калыптыр.

Last updated